Онкология жана гематология борборунда 33 миң 511 бейтап каттоодо турат, бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында борбордун директору Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, стационар 401 керебетке ылайыкталган. Ал эми керебет-орундарга болгон муктаждык 600-700 орунду түзөт.
Ал белгилегендей жылына бул илдетке чалдыккандардын 6 миңден ашык учуру катталат.