• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Түркиядан жана Орусиядан учкучсуз учактарды сатып алууда

22 Тогуздун айы 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», ал эми Орусиядан «Орлан-10» деп аталган учкучсуз учактарды сатып алууда. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда журналисттерге билдирди.

«Биз бул техникаларды мамлекеттик бюджеттен сатып алып жатабыз. Жакында Түркиядан «Байрактар» алып келинет, андай курал дүйнөдө беш эле мамлекетте болсо, анын бири биз болобуз. Орусиядан дагы «Орлан-10″ деген аталыштагы учкучсуз учак сатып алдык. Аны башкаруучу адистерибиз да ошол жактан окуп келишти. Мындан ары биз курал-жаракты өзүбүздүн акчабызга өзүбүз сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз».

Камчыбек Ташиев аскердик техника сатып алууга бюджеттен канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына жаңы аскердик техникалар тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сатылып алынган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жайында Түркияга расмий иш сапар менен барган. Сапар алкагында түрк тарап Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниети бардыгы кабарланган.

Количество просмотров: 279