• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына шайланды

21 Жетинин айы 2019 18:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тийешелүү чечим 2019-жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин койгон Азиялык-Тынчокеандык регионундагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан экинчи орунду ээлегендигин белгилеп кетүү зарыл. Добуш берүүгө катышкан 180 өлкөнүн ичинен 157 өлкө Кыргыз Республикасы үчүн өз добуштарын беришти.

Шайлоо кампаниясынын алкагында КР делегациясы тарабынан расмий сый-тамак уюштурулуп, ага ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары менен өкүлдөрү катышты. Ошондой эле «Устат-Шакирт» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти жана КРнын ЮНЕСКОнун алкагындагы ишмердүүлүгү жөнүндө сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Маалымат үчүн: ЮНЕСКОго 1992-жылы мүчө болгон учурдан баштап Кыргызстан Уюмдун алкагында активдүү ишмердүүлүктү жүргүзүп келет: 2012-жылдан 2016-жылга чейин КР ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Өкмөттөр аралык Комитетинин мүчөсү болуп шайланып келген, ал эми 2017-жылдан баштап өлкөбүз ошондой эле ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетинин жана ЮНЕСКОнун Коммуникацияны өнүктүрүү Эл аралык программасынын Өкмөттөр аралык Кеңешинин мүчөсү болуп саналат.
ЮНЕСКО – билим берүү, илим жана маданият маселелери менен иштеген БУУнун адистештирилген мекемеси. ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңеши Уюмдун жетектөөчү органы болуп саналат, ал 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 58 мүчө-мамлекеттерден турат.

Количество просмотров: 78