Ошко троллейбус сатып алуу үчүн мэрия насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 14 миллион 740 миң евро бөлсө, анын 5 миллиону грант.
«Ош мэриясы арызды 2024-жылдын октябрь айында берген. Ошол учурда Бишкек мэриясы троллейбустар эскирген транспорттун түрү, экологиялык жактан таза эмес, борбордун көркүн бузуп, электр энергиясын көп ысырап кылганы үчүн өтө кымбат экенин баардык жерде айтып келишкен. Бул калп деп ойлойм, анткени көп шаарларда, тескерисинче, троллейбустук транспорт өнүгүп жатат. Мен бул тууралуу маалыматты атайын дем алыш күндөрү окудум. Мэрия туура эмес маалымат бериптир. Балким, чындап эле көп электр энергия текке кеткендир, бирок транспорттун бул түрүн өнүктүрүүгө мүмкүн болчу. Бул жерде биздин зымдарды жулуп, демонтаж кылып, сонун болот дешкен. Ошол учурда Оштон арыз түшкөн. Ош мэриясы, азамат экен, Бишкек мэриясы ар кандай имновациялык делген нерселерди ойлоп таап жаткан учурдан пайдаланып, жакшы иштерди жасаш керек экенин түшүндү», — деп белгиледи Бекешев.
2018-жылы Бишкек мэриясы тарабынан троллейбустарды сатып алууга алынган Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктын насыясы эмне болгону азырынча белгисиз, деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, Бишкекте троллейбустарды жоюп, анын ордуна электр менен жүрүүчү автобустарды коюуну көздөшүүдө. Мэрия 19-июндан тарта троллейбус тармагын демонтаждоо иштерин баштап, тынчсызданган жарандар арыз жазып, мэрияга кат жолдоп, борбордогу троллейбустарды сактап калуу үчүн күрөштү улантышууда. Ал арада мэрия түнү менен троллейбустун байланыш түйүндөрүн демонтаждоо иштерин уланткан. Троллейбустардын бир бөлүгү Ош жана Нарын шаарларына өткөрүлүп берилген.