• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Электр энергиясына киргизилген чектөө 1-апрелде алынат

24 Жалган куран 202613:33 Бишкек Govori.TV

1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук чектөөлөрү киргизилген эле. Ага ылайык, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин, 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн.

«Чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 134