• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан өз каражатына дагы 3 учак сатып алат

6 Аяк оона 202411:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан өз каражатына алгачкы жолу Bombardier Dash 8G 400 үлгүсүндөгү учак сатып алды. Учак Манас аэропортуна келип конду.

Жаңы сатып алынган учак 80 орундуу. Бул учак эми ички каттамдарды тейлейт. Эми дагы 3 учак сатып алуу пландалып жатканын «Манас» аэропортунун директору Манас Самудинов билдирди.

Учакты тосуп алууга Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Количество просмотров: 128