• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү

23 Аяк оона 2021 8:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү. Бул тууралуу 22-сентябрда «Sputnik Кыргызстан» агенттиги уюштурган онлайн брифингде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, гранттык каражатка алына турган 15 жейрен Кыргызстанга октябрь айынын ортосунда келет. Бир аз убакыт атайын жайда кармалгандан кийин алар мурда жейрен байырлаган жерлерге коё берилет.

Адис белгилегендей, жейрендер Совет мезгилинде эле жок кылына баштаган.

Кыргызстандын “Кызыл китебине” киргизилген бул жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Жейрендер Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Иранда бар.

2019-жылы Кыргызстан Казакстандан да жейрен сураган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандан 50 баш жейрен алуу тууралуу протоколго кол коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 154