Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.
“Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик”, — деп айтылат министрлик берген маалыматта.
10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан.