Кыргызстанда 12 жаңы касапкана курулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Ветеринардык кызматынын реестринде 101 касапкана катталган.
Алардын ичинен 10у чоң стандарттуу касапкана, 64ү чакан касапкана, 27и жөн касапкана.
Алардын ичинен 15 касапкана санитардык-ветеринардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн убактылуу токтотулду. ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде 10 касапкана катталган.
«Ветеринардык кызматка жеке мал союучу жайлары жок райондорго жана шаарларга мал союучу жайларды куруу тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта. Жергиликтүү бийлик менен кызматташуунун натыйжасында 12 жаңы мал союучу жай курулган.