• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда 12 милиционер COVID-19 вирусун жуктуруп алган

22 Чын куран 202010:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери вирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат”, — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.

Количество просмотров: 110