• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт

24 Баш оона 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси, “Эко Деми” коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөн баштап тазалык күнүнө чейин ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

«Кыргызстан дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өтүп жаткан ишембиликке төртүнчү ирет катышып, катышуучулардын саны боюнча биринчи орунду алып келүүдө. Башкача айтканда, Кыргызстанда жалпы калкынын 10 пайызы ал иш-чарага катышууда. Бул жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы 640 миң ыктыярчы ишембиликке катышкан. Ыктыярчылардын эң улуусу 88 жаштагы карыя, эң кичүүсү 3 жаштагы кыз болду. Быйыл биз катышуучулардын санын 13 пайызга жеткирүүнү пландаштырып жатабыз», — дейт ал.

Чыныбаева эртең Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон өтөрүн айтып, ыктыярчылар ылдамдыкка таштанды тазалай турганын кошумчалап кетти.

Количество просмотров: 236