• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда +40°ка чейин күн ысыйт

26 Кулжа 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

26-30-июнь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

«Абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 754