• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 5 адамдан коронавирус аныкталды

2 Чын куран 20209:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5 адамдан коронавирус аныкталды. Бул маалыматты бүгүн, 2-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары билдирди.

«Жаңы учурлар Ноокат районунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында 2 учур. Жаӊы тастыкталган учурлардын экөө сырттан келсе, 3 адам ооругандар менен байланышта болгон»,-деди Мамбетов.

Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу катталганы 18-мартта жарыяланган. Учурда жалпы бейтаптардын саны 116 адамга жетти.

Количество просмотров: 918