• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда 50 миңден ашуун жаран жаңы үлгүдөгү паспортту акысыз алмаштырды

7 Баш оона 202416:19 Бишкек Govori.TV

1-июлдан 1-августка чейинки аралыкта Кыргызстандын 51 миңден ашуун жараны 2004-жылкы үлгүдөгү ички паспортун жаңы — Кыргызстандын өзүндө, «Учкун» концернинде даярдалган, 2024-жылкы үлгүсүнө акысыз алмаштырды.

Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 7-августтагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын жети айында 727 миң электрондук санарип кол тамга берилди, 1 миллиондон ашуун кол тамга жок кылынды.

2020-жылкы үлгүдөгү ички жана жалпы жарандык паспорттор бланктары калбай калганча берилет. Андан кийин гана 2024-жылкы үлгүдөгү ички жана 2023-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт.

Сары түстүү ички паспортторду акысыз алмаштыруу 31-августта аягына чыгат. Андан кийин адаттагыдай эле өз баасына — 600 сомдон алмаштырылат.

Кыргызстандын жарандарына «Учкун» мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор 1-июндан тарта бериле баштаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспортторго байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле. 2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

Количество просмотров: 98