• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Туманбаев: “Учкун” 2 мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды

24 Жалган куран 202517:05 Бишкек Govori.TV

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин айтымында, былтыр Кыргызстанда паспорттор чыгарылып баштаган. Ал үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган.

“Мурда биз өзүбүздүн паспортторубузду чет мамлекеттерде чыгарып келгенбиз. Канчалаган акча каражаттар коротулчу. Мына эми азыр башка мамлекеттер бизге буюрма берип, паспорттору басылып чыгып жатат. Биринчи Кения өлкөсүнүкү басылды, эми Лаостуку даярдалат”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев, буга дейре Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келгендиктен, жасалма паспорттор да чыгып, сатылган учурлар болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө паспорттордун коргоо элементтери жогорку деңгээлде жасалууда.

Количество просмотров: 269