• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда 71 миңден ашуун адам COVID-19га каршы эмделди

23 Бугу 202116:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада 2 миң 275 адам коронавируска каршы эмделди. Мунун ичинен 680 адам вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 71 миң 774 адам коронавируска каршы вакцина сайдырды. Алардын ичинен 22 миң 520 адам экинчи дозасын алды.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган.

Количество просмотров: 201