• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстанда 8 ай ичинде Орусиянын 170 миңдей жараны каттоодон өткөн

27 Аяк оона 202213:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 8 айында Россия Федерациясынын 170 003 жараны каттоодон өткөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия Федерациясынын жарандарынын каттоосу 141 миң 323тү түзгөн.

«21-сентябрдан бери 3526 орусиялык жаран каттоодон өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 137