Кыргызстан коронавирус жуккан адамдардын арасында медициналык 9 кызматкер бар. Бул маалыматты 4-апрелдеги эртең мененки онлайн жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Бүгүн, дагы 14 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 144 адамга жеткени белгилүү болду. Жаңы катталган бейтаптардын ичинен бешөө чет жактан келсе, 9 адам өлкө аймагында байланышта болгон.
«Тилекке каршы медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус аныкталгандар бар. Кечээ алардын саны 8 болсо, бүгүн 9 болду», — деди Мамбетов.