• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда апта ичинде коронавирустун 48 учуру катталды

4 Теке 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирустун 48 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү штабынан кабарлашкандай, 48 адамдын ичинен үчөө ооруканада. Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Катталган учурлардын тогузу Россия, Түркия, Өзбекстан жана АКШдан келген адамдардан аныкталган.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 43;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ош шаары — 1.

Өткөн жумада коронавирустун 19 учуру катталган. Ал эми пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 201 миң 101 адам ооруган.

Количество просмотров: 89