• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 өрт кырсыгы катталды

29 Баш оона 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дем алышта 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган, өрттү өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Ош шаарындагы Аношина көчөсүндө времянканын 50 чарчы метри чатыры, ашкананын 15 чарчы метр ички жасалгасы жана 1 муздаткыч, электр печкасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарында Авангардный кыска көчөсүндө жыгач устундуу тунуке менен жабылган мончонун 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: Мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу.

Кара-Суу районунун Киров айылында Абдрахимов көчөсүндө аянты 170 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 113