• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөр электрондук аттестат алышат

13 Бугу 202415:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөр электрондук аттестат алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт.

«Бул окуу жылында биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук күбөлүк берилет», — дешти ведомстводон.

Количество просмотров: 82