• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Кыргызстанда биринчи жолу ички органдарды алмаштырышат

25 Чын куран 20199:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын жасоого мүмкүнчүлүк болот. Бул тууралуу Илимдер академиясынын доктору Камчыбек Узакбаев «Govori.TV» агенттигине берген маегинде билдирди.

Боорду алмаштыруу аппаратына $450 миң каражат талап кылынаарын, бул маселени чечүү үчүн бийликке кат жиберилгенин жана жообун күтүп жатышканын айтып өттү.

Узакбаев боорду алмаштыруу долбоорунун алкагында чет өлкөдөгү медициналык борборлор менен бул жактагы адистерди чет өлкөгө барып окутуу, тажрыйба алуу келишими түзүлгөнүн айтты.

“Азыркы учурда Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып жатат. Статистика боюнча жылына каттоого тургандардын саны 20га жакын. Катталбагандары да андан көп болушу мүмкүн. Эми боор алмаштыруу операциясын жасоо долборун ишке ашырып алсак чет өлкөгө барбай бул жактан эле алмаштырууга мүмкүнчүлүк болот”,- дейт Узакбаев.

Чет өлкөдө боор алмаштыруу операциянын баасы $70 миңден $120 миңге чейин болорун, бул жакта операцияны жасоо $7 миң турмактыгын, жарандарга каражат жагынан арзан жана жеңил болмоктугун баса белгиледи.

Мындан сырткары Кыргызстанда атайын бөйрөктү же боорду алмаштырууда дал келеби же жокбу, так анализ чыгара турган лаборатория жоктугун, катталган адамдарды Казакстанга атайын анализ тапшырганы жиберип жатышканын билдирди.

“Кыргызстан боюнча бир эле лаборатория ачып койсо, ошол эле жетиштүү болмок”,- дейт Камчыбек Узакбаев. Ошондой эле бул маселе тууралуу дагы бийликке кат жөнөтүлүп, канааттандырарлык жооп алышпаганын айтты.


Количество просмотров: 50