Бүгүн, 21-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Ош, Нарын облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 590 адамга жетти. Акыркы суткада 15 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 8;
— Ош шаарында 6;
— Ош облусунда 3;
— Нарын облусунда 5.