Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 10
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 4
Нарын облусу – 1
Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Ош, Нарын, Чүй, Жалал-Абал облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 612 адамга жетти. Акыркы суткада 38 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек ш. – 7
Нарын облусу – 2
Ош облусу – 25
Ош ш. – 1
Баткен облусу — 3
Республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.