Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Каза болгон бейтаптар:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 90 жаштагы эркек адам;
Жайыл аймактык ооруканасында 2 жаран — 70, 69 жаштагы 2 аял киши;
Жалал-Абад облустук ооруканасында 2 жаран — 49, 53 жаштагы эркек адам;
Нарын облустук ооруканасында 61 жаштагы аял киши.
Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан кийин жалпы 122 адам каза болду