Кыргызстанда дагы 7 медицина кызматкеринен (дарыгерлер жана медициналык айымдар) коронавирус аныкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 7-апрелдеги эртең мененки онлайн жыйында айтты.
«COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты», — деп билдирди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 12 адамдан коронавирус (жетөө медицина кызматкерлери) аныкталып, жалпы саны 228 адамга жетти. Жаңы катталган бейтаптардын баары Ош облусунан.