• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда дагы 900 адам коронавирустан айыкты

1 Баш оона 2020 11:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 900 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 412 киши, Ош шаарында – 50, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 54, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 233, Жалал-Абад облусунда – 52, Баткен облусунда 34 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 26 миң 926га жетти.

Количество просмотров: 123