• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кыргызстанда дагы 984 киши коронавирустан айыкты

22 Теке 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 984 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура
Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 343 киши, Чүй облусунда – 62, Ош облусунда – 65, Талас облусунда – 71, Нарын облусунда – 70, Ысык-Көл облусунда – 134, Жалал-Абад облусунда – 147, Баткен облусунда – 27, Ош шаарында 65 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 15851ге жетти.

Количество просмотров: 72