• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Кыргызстанда дизель майы кымбаттайбы?

17 Баш оона 2022 12:48 Бишкек Govori.TV

Нефтетрейдерлер Кыргызстанда дизель майынын баасын дагы жогорулатуу зарылчылыгын эскертти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, унай зат рыногунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Антимонополияда республиканын нефтетрейдерлери — күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун негизги операторлору менен жолугушуу өткөн. Анда нарк, жеткирүүлөр, көйгөйлүү маселелер жана рынокто бааны турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.

Нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан дизель экспорту кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Алардын айтымында, жыл башынан бери дизелдин бир тоннасынын баасы 600 долларга (соңку айларда 300 доллар болчу), ал эми бензиндин АИ-92 үлгүсү 370 долларга өскөн.

«Буга байланыштуу нефтетрейдерлер дизелдик отунга ички бааны көтөрүү зарылдыгын айтышууда», — деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштар берилди:

  • бааларды кармап туруу, баа саясатын турукташтыруу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;
  • күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун толтуруу жана мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл резервдерди камсыз кылуу;
  • «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын талаптарын так аткаруу;
  • май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майлардын толук өлчөмдө куюп беришине көзөмөлдү күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууга жол бербөө;
  • рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен Монополияга каршы органга кайтарым байланышты кымсыздоо.
Количество просмотров: 327