• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстан бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

4 Чын куран 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелдин баасын 20% жогорулатууну чечти. Бул тууралуу 3-апрелде энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

Министр мындай чечим “Казакстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы баанын айырмачылыгын төмөндөтүү үчүн кабыл алынганын” түшүндүрдү.

“Эгер баадагы айырмачылыкты азыртадан азайтпасак, жакын арада күйүүчү майдын жетишсиздигине туш болобуз. Мындан тышкары бул тармактын мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болуп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат”, — деди Акчулаков.

Ал мунайды кайра иштетүүчү үч завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулаганына карабай, өлкөнүн айрым аймактарында тартыштык сезилип жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, таңкыстыкты кымбат импорттук күйүүчү май менен жабууга туура келген.

Былтыр августта Казакстандын чек арадагы аймактарында дизелди сатууга чектөө киргизилген.

Казакстандык айдоочулар акыркы кездери күйүүчү майдын жетишсиздигине даттанып келишет. Айрым аймактарда дизелге кезек күткөндөр көбөйгөн.

Количество просмотров: 71