• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды

26 Чын куран 2021 10:20 Бишкек Govori.TV

26-апрелден тартып, өлкөдө Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн негизги максаты — ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, коргоо жана эмделбей калган жарандарды учурунда эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

«Бул жылы дагы 26-апрелден 1-майга чейин өлкө аймагы боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтөт. 1993-жылдан бери Кыргызстанда шал оорусу каттала элек. Бул өлкөдөгү эмдөөнүн өз убагында болуп жаткандыгына байланыштуу. Кыргызстанда пландуу эмдөөнүн натыйжасында вакциналарга көз каранды сарыктын В түрү, кептөөр, сенек, ымыркайлар арасындагы кургак учуктуу менингит оорусу каттала элек. Өзгөчө 1993-жылдан бери шал оорусу токтоду. Мындан улам, жогоруда аты аталган оорулардын кесепетин биздин коом унутуп бара жатат. Эмдөө жүрүп турбаса, бул оорулардын кайра пайда болуу коркунучу да бар. Жумалыктын алкагында жер-жерлерде атайын мобилдик эмдөө пункттары ачылат жана вакциналар бекер»,-деди Бейшеналиев.

Кошумчалай кетсек, 2006-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө болгон өлкөлөр резолюция кабыл алып, ар бир мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдү «Европалык эмдөө жумалыгына» катышууга үндөгөн. Кыргызстан мындай демилгени 2007-жылдан бери колго алып, эмдөө жумалыгына катышып келет. Эмдөө республиканын бардык аймактарындагы медициналык пункттарда жүргүзүлүп, быйыл 1-майга чейин созулат.

Количество просмотров: 72