• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

5 Баш оона 202521:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында 5-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:44тө MSK-64 шкаласы боюнча 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 баллга чейин, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин жер титирөөнүн күчү сезилди.

Учурда Сейсмология институту маалыматтарды тактап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругуна ылайык, окуя болгон жерде ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 1412