• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024
An official in protective suits ensures the temperature of the foreign passengers disembarked from the quarantined Diamond Princess cruise ship before boarding to buses at a port in Yokohama, near Tokyo, Friday, Feb. 21, 2020. Passengers tested negative for COVID-19 started disembarking since Wednesday. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды

24 Жалган куран 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
Ноокат аймактык ооруканасында
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
Баткен облустук бириккен ооруканасында
Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Количество просмотров: 535