• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 жаӊы учур аныкталды

30 Жалган куран 202013:56 Бишкек Govori.TV

30-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды.

Коронавирус боюнча учурда Кыргызстанда бардыгы болуп 94 катталган учур бар.

Ал эми Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамдын кайталанган анализи таза чыгып, ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатканы маалым болгон.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош ш. – 8, Бишкек ш. – 7, Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Количество просмотров: 2892