2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды, Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бул тууралуу Саламаатыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 27
Ош облусунда – 26
Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
Баткен облусунда – 1
Ошентип, 27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 киши болду.
Алардын 27си Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда 26, Бишкекте төрт 4 (Чүйдүн Москва районунун бир тургуну борбор калаадагы Жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган), Баткен облусунда бир адам.