• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу дагы бир штаб түзүлдү

6 Жалган куран 2020 9:53 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, аталган штаб коркунучтуу илдеттин жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтууга жана экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган. Штаб башчылыгына вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бекитилди.

5-мартта штаб алгачкы жыйынга чогулуп, аткаруучу милдеттерин жана каралуучу маселелерди бекитти. Мындан тышкары экономикалык абалды тескөө, жергиликтүү өндүрүштү колдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тиешелүү органдарга тапшырылды.

Штаб 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин сунушу менен түзүлдү. Штабга өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, өкмөттүн бардык облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болуп кирген.

Коронавирус оорусу күч алганына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылган. Адистер бул экономикалык жактан терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.

Количество просмотров: 753