• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды

21 Жалган куран 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Жуктургандардын 1 адамы Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек ш. “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган акыркы эки адам – 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер. Франциядан учуп келген жаран 24 жашта. Ал эми, экинчиси 26 жаштагы КР жараны.

Количество просмотров: 3247