• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда коронавируска каршы 43 миң 127 адам эмделди

11 Бугу 2021 12:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 447 адам коронавируска каршы эмделди. Муну менен вакцина алгандар 43 миң 127 адам болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Бектурганов Бишкек шаарында вакцина алуу үчүн пилоттук режимде электрондук кезек системасы кирип жатканын маалымдады.

«Кечээ «Спутник V» вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келип түштү. Ал эми сутка ичинде жалпы 447 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 335и вакцинанын биринчи дозасын, 112си экинчи дозасын алды. 11-майга карата өлкө боюнча жалпы 43 миң 127 адам эмделди. Анын ичинен 6 миң 10 жаранга вакцинанын экинчи дозасы сайылды», — деди Бектурганов.

Количество просмотров: 73