Өлкөдө коронавирустун жуктурган дагы 6 учур катталган турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Толо Исаков өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.
«21.03.2020-ж. эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.
Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда», — деди ал.