• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирустун төрт штаммы катталган

23 Кулжа 2021 16:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2021-жылдын март-апрель айларында коронавирустун төрт штаммы катталган. Алар индиялык, британиялык, орусиялык жана түштүк-африкалык штаммдар. Андан бери COVID-19 түрлөрүн аныктоо жаатында изилдөө жүрө элек.

Жаңы штаммдарды аныктоого Кыргызстандын өзүндө мүмкүнчүлүк жок. Изилдөөлөрдүн тыянагы Лондондогу лабораторияда ырасталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда июнда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуду. Көз карандысыз эксперттер тобу июнь-июль айларында вируска чалдыккандардын жана кайтыш болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн эскертишкен.

Өлкө аймагында COVID-19 жуккандардын саны күнүгө 700-1000 тегерегинде болуп, 6-9 адам өлүп жатат. Бул сан Борбор Азия чөлкөмүндөгү жогорку көрсөткүч катары сыпатталууда.

Коронавирустун Индияда пайда болгон дельта түрү саламаттык сактоо тармагындагы адистерди кооптондурууда. Англиялык эксперттердин айтымында, бул штамм башкаларга караганда 60% жугуштуу.

Количество просмотров: 230