• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кыргызстанда кызылча илдетинен эки наристе чарчап калды

14 Баш оона 202317:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча илдетинен эки наристе чарчап калды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Үч жаштагы бөбөк Бишкекте, бир жашар наристе Чүй облусунда көз жумган. Министрлик алардын ата-энелери диний ишениминен улам кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартканын белгиледи.

Кыргызстанда жыл башынан бери 1 704 бала кызылчага чалдыкканы аныкталган. Басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош аймактарында. Мындай оору КМШ өлкөлөрүндө да көбөйүп жатканы кошумчаланды.

Министрлик ата-энелери вирустук гепатит жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында оору катталып жатканын белгилейт.

Количество просмотров: 107