Бүгүнкү күндө Кыргызстандын системасында накталай чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, валюта боюнча абал туруктуу. Буга чейин базарда накталай АКШ доллары тартыш болуп, буга Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнө каршы санкциялардын киргизилиши себеп болгон.
«Банктарга жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзүү үчүн убакыт талап кылынды. Бүгүнкү күндө эч кандай көйгөйлөр жок. Кошумчалай кетсек, министрлер кабинети 2023-жылдын 13-январында АКШ долларын накталай түрдө экспорттоого тыюу салган. Учурда өлкөдө накталай чет элдик валюта жетиштүү. Системада 600 миллион доллардын тегерегинде акча бар, анын 40 пайызы накталай», — деди Аида Карабаева.