• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Кыргызстанда орточо айлык акы канча сомду түздү?

10 Кулжа 2024 17:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүш 11,7%ды түздү.

«Айлык акынын өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кең байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө байкалган»,-деп билдирди ал.

Теги:
Количество просмотров: 308