• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда ПЦР-тест сапатсыз жүргүзүлүп жатабы? Министрликтин жообу

25 Кулжа 202010:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге онлайн маалымат жыйын учурунда «Президент менен Москвага барган делегациянын мүчөлөрү Кыргызстандан ПЦР-анализ тапшырса таза чыгып, Москвада барганда коронавирус табылды. Бизде ПЦР-тест сапатсыз жүргүзүлүп жатабы?» деген суроо узатылды.

Каратаев ПЦР-тест сапатсыз жүргүзүлбөй турганын айтты.

«ПЦР-тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Лабораториялар бирдей эле. Президент жана аны менен барган Кыргыз делегациясы коронавируска карата качан анализ тапшырганы боюнча маалыматым жок экен. Атайын изилдеп анан айтуу керек», — деди Каратаев.

Количество просмотров: 72