• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлөт

24 Бугу 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге коронавирустун экинчи толкуну күздө болушу мүмкүнбү? деген суроо берилди.

Ал эми Үсөнбаев коронавирустун экинчи толкунуна даярдык катары эл арасында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлө турганын айтты.

«Экинчи толкундун болбостугуна кепилдик жок. Вирус элдин саламаттыгына, экономикага өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан учурда алдын ала чаралар көрүлүп жатат.  Мындан улам белгиленген мөөнөттөрүнөн мурда профилактикалык түрдө сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалууда.  Сасык тумоонун алдын алуу менен биз дем алуу органдарына кошумча күч келүү тобокелдигин азайтабыз. Ошондой эле дары-дармек, коргоочу кийимдерди камдап коюу боюнча иштер жүрүүдө.  Кошумча 10 көчмө лаборатория түзүлөт», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 848