• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда СOVID-19ду жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды

10 Чын куран 202010:11 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 10-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын ичинен:
Бишкек ш. – 6
Чүй облусунда (Кемин району – 6, Токмок ш. – 1, Аламүдүн району – 1) – 8
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 2, Жалал-Абад ш. – 1) – 3

Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу району) – 1

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298 адамга жетти.

Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 15
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 42
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 4
Медицина кызматкерлери жалпы: 39, жаӊы – 5 учур (Чүй — 1, Бишкек — 4).

Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек.

Количество просмотров: 7991