• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

7 Кулжа 2022 10:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин 8-кичирайонунда батирдин 20 чарчы метр ашкана бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана 1 терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 120-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 57