• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда тартылган аламан улактын сүрөтү эл аралык сынакта жеңүүчү деп табылды

27 Үчтүн айы 202212:42 Бишкек Govori.TV

Бельгиялык фотографтын Ош облусунан тарткан сүрөтү Travel Photographer of the Year-2021 аттуу эл аралык сынактын жеңүүчүсү болду.

Маалыматка ылайык, аламан көрүнүш Өзгөн шаарынан тартылган. Кадрдан кыргыздын улуттук баш кийимдерин кийген атчандарды көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, сүрөттүн автору бельгиялык Алан Шредер.

Количество просмотров: 349