Кечээтен бери борбордогу Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде «Жанданган мурас» аттуу көргөзмө өтүүдө.
Бул көргөзмөнү өткөрүүгө белгилүү орус сүрөтчүсү Василий Верещагиндин «Бай кыргыз мергенчи» (Богатый киргизский охотник) сүрөтүндөгү кийимдер себеп болгон.
Айдай Асангулова жетектеген «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун мүчөлөрү болгон уз, чеберлер бул сүрөттөгү мергенчинин кийимдерин, курал-жарагын толугу менен сүрөттөгүдөй жасап чыгышкан.
Андан кийин Ысык-Көл облусундагы жайлоодо атайын боз үй тиктирип мергенчини кийими, курал-жарагы менен видеого тартышкан. Аны төмөндөгү шилтемеге кирип көрсөңүздөр болот.
Айтмакчы, мергенчи катары белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Аймен Касенов тартылган.