• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстанда “Tik Tok” жабылат

30 Баш оона 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик-Ток социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алды.

Маалыматта айтылгандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын “Tik Tok” социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйдү.

«Белгилей кетсек, “Tik Tok” колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 257